Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүк түзүлүп, ага “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана КСДП фракциялары кирди. Жаңы макулдашууга кол коюлгандан кийин КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков “Ата Журт” жана “Республика” фракциясы 2 себептен улам коалицияга кирбей калганын айтты.
“Калган фракциялар эки себептен улам коалицияга кирбеди: биринчиси – партиялык жетекчиликтин эки ача пикири, экинчиси – фракциянын ичинде 3-4 депутаттык топтун болушу. “Республиканын” коалицияга киришине 8 депутат кол коюптур, бирок кириш үчүн фракция мүчөлөрүнүн көбү макул болушу керек. Камчыбек Ташиев “Ата Журттун” коалицияга киришине каршы экенин ММКларга билдирди. Ал тургай коалицияга кирсе, партиядан чыгарып салууну айтып кесиптештерин коркутту”,- деди Турсунбеков.