Кыргызстандагы улуттар ассамблеясында “Итиппак” коомдук бирикмесинин демилгеси менен кыргыз жазуучусу, акын, котормочу Абдылда Карасартовдун “Жаңырык” аттуу китебинин бет ачары болду.
Китепке 55 уйгур акындарына, прозаиктерине, сатириктерине таандык романдардын үзүндүлөрү, ырлар, тамсилдер, жомоктор, мифтер, таамай сөздөр, аңгемелер, сатиралык чыгармалар кыргыз тилине которулуп киргизилген.
Аталган иш-чарага белгилүү жазуучулар, республикадагы коомдук ишмерлер катышышты. Алар китептин жогорку деңгээлде которулганын айтып, бул эки боордош элдин маданиятын жакындатууга негиз болорун билдиришкен.
Бет ачардын соңунда келген коноктор китептин авторуна ийгилик каалап өткөнүн Кыргызстандагы улуттар ассамблеясынын басма сөз кызматы бүгүн, 31-мартта кабарлады.