Парламентте жаңы түзүлгөн коалицияны Феликс Кулов жетектейт. Муну жаңы коалиция түзүлгөндөн кийин Кулов билдирип: “Мен бул кызматтан баш тартып, аны жетектөөнү КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбековго сунуштадым. Эгер башка фракциялар киргенде, жагдай башкача болмок. Курам мурунку бойдон калды, бул кызматты кайрадан мен жетектөөгө туура келүүдө. Өкүлү премьер-министр жана спикер болгон фракциялар коалициялык көпчүлүктү жетектей албайт”,- деди.
Айта кетсек, бүгүн парламентте жаңы коалиция түзүлүп, ага “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана КСДП фракциялары кирди.