Кызыл-Кыя шаарынын тургуну пара алып турган жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-мартта Кызыл-Кыяда турган аял “бейтааныш аял баламды бала бакчага киргизүү үчүн 10 миң сом пара талап кылып жатат. Бул акча каражат Кызыл-Кыянын шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерине берилет” деп Баткен облустук прокуратурага арызданган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “пара талап кылуу” жана “пара алууда ортомчулук кылуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.
Ыкчам-иликтөө амалдардын жүрүшүндө пара алуу учурунда ортомчу кармалды. Ал Кызыл-Кыянын тургуну экени белгилүү болду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.