Жогорку Кеңештин депутаттары эртең, 1-апрелде премьер-министрликке талапкерди жана өкмөт курамын бекитишет. Муну бүгүн, 31-мартта журналисттерге КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. Буга чейин айрым депутаттар Эмгек, миграция жана жаштар, Экономика министрликтерин жоюу демилгесин көтөрүп чыгышкан эле. Бул боюнча өкмөттүн курамын талкуулоодо сөз болмокчу.
Айта кетсек, бүгүн парламентте жаңы коалиция түзүлүп, ага “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана КСДП фракциялары кирди.