Мамлекеттик каттоо кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2010-жылы Сокулук району боюнча калкты каттоо кызматынын жана Сокулук айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан Р.М. аттуу жаранга мыйзамсыз паспорт берилген. Алар бул үчүн жалган документ даярдашкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жаранга берилген паспорттун сериясы башка жаранга тиешелүү экендиги аныкталган. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.