Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт. Жыйында Жогорку Кеңеште жаңыдан түзүлгөн «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн» парламенттик көпчүлүк коалициясы иштей баштаганы расмий жарыя кылынат. Жогорку Кеңеште «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн» парламенттик көпчүлүк коалициясы түзүлүп, анын курамына КСДП, «Ата Мекен», «Ар-намыс» фракциялары кирди.
31-мартта парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүү тууралуу келишимге кол коюлган.