ИИМдин мурунку Ички коопсуздук кызматынын жетекчиси Аймамат Рахмановго буйрукка баш ийбегендиги үчүн кылмыш иши козголду

ИИМдин мурунку Ички коопсуздук кызматынын жетекчиси Аймамат Рахмановго кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты бүгүн, 25-декабрда Ички иштер министри Шамиль Атаханов билдирди. Ал кызматка министр 21-декабрда Сайпидин Камаловду дайындаган, бирок Аймамат Рахманов иш бөлмөсүн бүгүнкү күнгө чейин бошотуп берген эмес. Ал тургай, кечээ 24-декабрда  кол алдында иштеген кызматкерлерди уюштуруп ИИМдин борбордук аппаратындагы жумушчу бөлмөсүн жаптырып салган. Маселени чечүү үчүн министр орун басарын жибергенде, Рахманов буйрукка баш ийген эмес. Натыйжада министр эшикти ачууга ыкчам аракет отрядын чакырууга аргасыз болгон. Учурда А.Рахмановго карата буйрукка баш ийбигендиги үчүн кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан