Жаңы өкмөттүн курамы Жогорку Кеңешке 7 жумушчу күндүн ичинде киргизилет. Муну бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Айтымында, маселе ага чейин ЖКнын тармактык комитеттеринде каралат. “Бүгүнкү жыйын жаңы коалициянын түзүлгөнүн жарыялап коюу үчүн өттү. Эч кандай суроо-жооп болбойт. Маселе комитеттерде талкууланат”,- деди төрага.
Жаңы өкмөттүн курамы алгач Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде каралмакчы.