Кыргызстан Нью-Жерси штатында өтүүчү “Эл аралык мурас” фестивалына катышат

Кыргызстан ушул жылдын май айында Нью-Жерси штатында өтүүчү “Эл аралык мурас” фестивалына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмесинин негиздөөчүсү Айбек Хакимов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан бул фестивалга 2013-жылы катышкан. Анда кыргыз улуттук кийимин кийген кыздар келген конокторго Кыргызстан тууралуу айтып, аларга өлкөбүздүн кооз жерлери түшүрүлгөн открытка, дубал календарларын таратышкан. Фестивалдын жүрүшүндө кийизден жасалган түрдүү буюмдар көргөзмөгө коюлган. 

"Быйылкы фестивалда Кыргызстанды кеңири масштабда таанытуу оюбузда бар. Көргөзмөгө кыргыз уздарынын колунан жаралган буюмдар коюлмакчы. Ошондой эле фестивалда "Даткайым" бий тобунун кыздары өз өнөрлөрүн тартуулоосу күтүлүүдө",- дейт Айбек Хакимов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан