ЖКнын Социалдык саясат комитетинде бүгүн, 1-апрелде Кыргызстанда 3 майрамды мамлекеттик деңгээлде белгилебөө маселеси каралууда. Эмгек, миграция жана жаштар министринин милдетин аткаруучу Алиясбек Алымкулов 1-Майды, 23-Февралды жана 7-Ноябрды майрамдардын эмес, кадимки жумуш күндөрүнүн катарына кошууну сунуштап жатат. Бирок буга аталган комитеттин төрайымы Дамира Ниязалиева каршы. “Бул демилгени көтөрүп чыккандан кийин экономикалык негиздеме болушу керек эле. Бирок андай эсептөөлөрдү жасаган жоксуңар”,- деди Ниязалиева.