4-апрелде Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде “Өлбөс баатырлар” аталышындагы көргөзмө өтөт. Көргөзмө Аксы жана Апрель окуяларына арналган. Экспозицияда Г.Айтиев атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты, белгилүү сүрөтчү Асан Турсункуловдун бул окуяларды чагылдырган 97 портрети коюлат. “Сүрөтчүнүн максаты - мекен үчүн жан берген баатырлардын элесин түбөлүккө калтыруу” дешет уюштуруучулар.