ЖКнын Социалдык саясат комитетинде бүгүн, 1-апрелде Кыргызстанда айрым майрамдарды эс алуу күндөрүнүн катарынан чыгаруу маселеси каралууда. Алар: 1-Май, 7-Ноябрь жана 23-Февраль. Комитет төрайымы Дамира Ниязалиева мындай демилгеге каршы. “Мыйзамды толуктап иштеп чыга турган жагдайлар бар, артка кайтарышыбыз керек. Экономикалык, социалдык жана башка тармактар боюнча иликтениши кажет. Мисалы, 5-майды Конституция күнү деп майрамдап жатабыз. Бирок биз бүгүн ал Конституция менен жашаган жокпуз да. Түшүнүксүз нерсе болуп жатат”,- деди Ниязалиева.