Свердлов районундагы паспорт столдун башкы адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 1-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Ал шаардагы Калкты каттоо кызматтарынын бириндеги коррупциялык иштер туурасында айткан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Свердлов району боюнча Калкты каттоо кызматынын жооптуу кызматкери паспорт берүү үчүн акча талап кылганын аныкталып, 5400 сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда бул факты боюнча “пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.