Ыргал Кадыралиева: “Бир жылда 365 күн болсо, биз 180 күнүн эс алуу менен өткөрөт экенбиз”

“Бир жылда 365 күн болсо, биз (ред. кыргызстандыктар) 180 күндү эс алуу менен өткөрөт экенбиз”,- деп билдирди депутат Ыргал Кадыралиева бүгүн, 1-апрелдеги ЖКнын Социалдык саясат комитетинин жыйынында. Комитетте Кыргызстанда 3 майрамды мамлекеттик деңгээлде белгилебөө маселеси каралууда. "Кыргызстанда эгемендүүлүк алган жылдардан бери майрам күндөрдүн саны көбөйүп кеткен. 365 күндүн үчтөн бир бөлүгүн майрамдоо менен эс алып жатабыз. Майрамдардын санын кыскартууну колдоого алам",- деди Ыргал Кадыралиева.  

Эскерте кетсек, эмгек, миграция жана жаштар министринин милдетин аткаруучу Алиясбек Алымкулов 1-Майды, 23-Февралды жана 7-Ноябрды кадимки жумуш күндөрүнүн катарына кошууну сунуштоодо. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан