Турсунбай Бакир уулу “президент Алмазбек Атамбаевдин "кыргыз айымдары эч качан хиджаб кийген эмес" дегени туура эмес"  

ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу Дин иштери боюнча президенттин алдындагы мамлекеттик комиссиянын жетекчилигин сынга алды. Анын билдиришинче, комиссиянын маалыматына ишенип президент туура эмес сөздөрдү сүйлөп жатат.

"Президент "кыргыз айымдары эч качан хиджаб кийген эмес" деп айтты. Туура жазып берип койбойсуңарбы? Кыргыздын элечеги менен узун көйнөгү - хиджаб. Кыргыз айымдары жүзүн жаап, паранжы жамынышкан эмес. Мунун айырмасы бар да",- деди Бакир уулу.

Айта кетсек, жума күндү дем алыш күнү деп жарыялоо демилгесине аталган комиссия каршы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан