Свердлов районунда “адам өлтүрүү” фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 29-март күнү милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Кичи Чүй каналынын Сүйүнбаев жана Герцен көчөлөрүнүн кесилишиндеги жерден жашы 35-40тар чамасындагы аялдын жансыз денеси табылгандыгы туурасында айтылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аялдын киши колдуу болуп өлгөнү аныкталып, Баткен облусунун 37 жаштагы тургуну экендиги такталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип Сокулук районунун 20 жаштагы тургуну Ш.Жапар, Жети-Өгүз районунун 27 жаштагы тургуну Ш.Болот жана Талас шаарынын 20 жаштагы тургуну О.Марат кармалды. Алардын айтымында, бирге арак ичип отурушуп, мас болуп калганда жанындагы аялды зордуктоого аракет кылышкан. Ал каршылык көрсөткөндө катуу сабашып, муунтуп өлтүрүп, сууга салып жиберишкен.
Учурда кылмышка шектелип кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.