Бүгүн, 1-апрелде ЖКнын Социалдык саясат комитетинин
жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу мындан дээрлик 70 жыл мурун башка мусулман өлкөлөрү сыяктуу эле кыргызстандыктар жума күнү эс алып келгенин
билдирди. "Азыр Кыргызстанга ыйман жетишпей
жатат. Туура, Кыргызстан СССРдин тушунда жакшы эле күндөрдү көрдүк. Бирок СССРдин көйгөйү динсиздик
болчу. Тарыхты карап көрсөк, 70 жыл мурун кыргыздар башка мусулмандар сыяктуу эле ишемби, жекшеби күндөрү иштеп, жума күндөрү эс алып келишкен",- дейт Турсунбай Бакир уулу.