Кыргызстанда мектеп окуучуларына арналган жаңы эки гезит чыга баштады. Мындай кабарды "ММКларды колдоо борбору" фонду сайтына жазып чыкты. Маалыматта айтылгандай, 8 беттен турган түстүү “School.kg” гезитинин биринчи саны 1800 нуска менен чыкты. Ал өлкө боюнча таратылат. Ал эми “Данек” гезити ак-кара форматта, 1000 нуска менен чыгарылып, түштүк аймакка гана жайылтылат.