Кыргызстанда жума күндү жекшемби күнгө алмаштыруу же жума күндү дем алыш күн кылып жарыялоо боюнча мыйзам долбоору бүгүн, 1-апрелде ЖКнын Социалдык саясат комитетинде колдоо тапты. Демилгенин автору - депутат Турсунбай Бакир уулу. Талкууда депутаттар мыйзам долбоору боюнча коомчулуктун пикирин угуу зарыл экенин айтышты. Айрымдары бул мыйзамды кабыл алууга азырынча эрте экенин айтышты. Ыргал Кадыралиева “Алгач палатага чыгарып, депутаттардын пикирин угалы. Андан кийин коомдук угуу өткөрөбүз” деп билдирди.
Сунуш добушка коюлуп, колдоо тапты. Андан кийин Бакир уулу: “Мыйзам долбоорун колдогондорго рахмат, колдобогондорго ыйман тилейм”,- деп жыйындан чыгып кетти.