Аламүдүн районунда “кичи класстын окуучуларынан акча талап кылган” деп шектелип жогорку класстын окуучулары кармалышты

Аламүдүн районунда “кичи класстын окуучуларынан акча талап кылган” деп шектелип жогорку класстын окуучулары кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, аталган райондогу мектептердин биринде окуган окуучунун апасы милицияга кайрылган. Анда ал жогорку класстын 4 окуучусу баласынан акча талап кылып жатканын айткан. Ушундай эле арыз менен дагы бир ата-эне кайрылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө 1999-1998-жылы туулган балдар кармалышты. Учурда материалдар топтолуп, процесстик чечим чыгаруу үчүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
furkat.0097
2014-04-01 12:39:40
мындай окуялар ардайым эле болот мектеп окуучуларында.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан