“Грэмми” сыйлыгынын номинанты, пианист Эльдар Жангиров “Джаз-Бишкек-Весна-2014" фестивалына катышат

11, 18 жана 19-апрелде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Джаз-Бишкек-Весна-2014" Эл аралык фестивалы өтөт. 9-жолу өтүп жаткан бул иш-чарага Кыргызстан, АКШ, Германия, Тажикстан, Австрия, Өзбекстан жана Япониядан келген 10 топ катышары белгиленүүдө. Мындан сырткары бул фестивалда “Грэмми” сыйлыгынын номинанты, пианист, Американын жылдызы Эльдар Жангиров катышып, музыка сүйүүчүлөрүнө талантын тартуулайт.

Белгилей кетсек, Эльдар Кыргызстанда төрөлүп, 10 жашында АКШга көчүп кеткен. Ошол жерден бүткүл дүйнөлүк жаз пианисти болуп таанылган. Ал 18-апрелде өзүнүн “Эльдар трио” тобу менен келип, жеке концертин бергени турат.

Бул маалыматты “Борбордук Азия – Арт Менеджмент” коомдук фонду бүгүн, 1-апрелде билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан