Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда 25-декабрдан 28-декабрга чейин кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин билдирди. ӨКМнын маалыматына ылайык, кар көчкү түшүү коркунучу төмөнкү аймактарда сакталат: Бишкек-Ош жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымында, Каракол-Эңилчек жолунун 45-90-чакырымында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымында. Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочулардан аталган аймактарда унаалардын арасында 500 метр аралыкты сактоону өтүнөт.