Футболчу Жаба Канкава тилин жутуп алган футболчунун өмүрүн сактап калды 

Украинанын футбол боюнча биринчилигинин 22-турунда катталган “Днепр”-“Динамо” командаларынын беттешинде футболчу Олег Гусев кагылышуудан кийин тилин жутуп алып, ага Жаба Канкава дарыгерлерден мурун жардам көрсөттү. Тилин жутуп алган футболчунун тилин тартып, көмкөрөсүнөн жаткырган Канкава мындай ишти ал турмуштук тажрыйбасынан улам билерин айтат. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде украиналык басылмалар кабарлашты.

“Мен тилин жутуп алгандарды көрүп жүргөм. Ошол себептүү өз убагында эмне кылуу керектигин жакшы билчүмүн. Менин ордумда баары эле жардам берүүгө аракет кылмак”,- дейт ал. 
Дарыгерлердин айтымында, жардам өз убагында берилбегенде, тилин жутуп алган Гусев дем ала албай калмак жана өмүрү менен коштошушу мүмкүн эле. 
Футболчу Жаба Канкава тилин жутуп алган футболчунун өмүрүн сактап калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Sagy
2014-04-01 13:40:20
Кагылышканда тилинерди чыгарбай кагылышкыла)) А Жаба эрдик кылды!
+1
Kozer
2014-04-01 13:58:03
Ой кудай сактаа
0
Mech.kg
2014-04-01 14:01:52
Тишине байлап алыш керек болчу
0
peri...97
2014-04-01 14:25:02
Кудай сактааааа,тилдида жутуп алса болобу,тан калдым...Азамат экенго сактап калган бала
0
Dadin
2014-04-01 14:46:52
peri...97, катуу сокудан кийин эсин жоготкондо адам тырышып калат(талма оорусу сыяктуу)ошондо тили артка кетип кекиртекти дем алуу каналын жаап калатда адам аба жетпей олуп калышы мумкун,ошондуктан тилин тартып кармап калыш керек же ложка менен басып кармап турат артка кетип калбаш учун.
0
peri...97
2014-04-01 15:42:01
Dadin, Аааааа рахмат чоон,эми билдим....
0
bomba
2014-04-01 18:13:35
Оюнга ачка эле чыгып алган окшойт го..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан