Айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы бүгүн, 1-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин башкы адиси 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” жана “кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.