8-9-апрелде Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда аталган жайдын тарыхына арналган театрлаштырылган концерт өтөт.
“Бул концерт Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат. Анда филармониянын ишке берилгенинен азыркы күнгө чейинки тарыхын чагылдырууга аракет кылып жатабыз. Филармониянын артисттери көрүүчүлөргө 60-70-80-90-жылдардагы жана азыркы учурдагы белгилүү чыгармаларды аткарышат. Иш-чара 3 саатка созулуп, ага 500 адам катышат”,- деп билдирди бүгүн, 1-апрелде Улуттук филармониянын жетекчиси Кыргызбай Осмонов.