3-апрелде "Балажан" республикалык окуу борборунун балдар сүрөт галереясында "Архитектура балдардын көзү менен" деген аталышта сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде аталган окуу борборунан кабарлашты.
Маалымдалгандай, көргөзмөдө тарыхта калган архитектуралардын, балдар өзү кыялданган имараттардын 130дан ашуун сүрөттөрү коюлат. Бул эмгектердин авторлору - "Көркөм искусство, архитектура жана дизайн" студиясынын 5-15 жаштагы окуучулары. Аталган студияны Эл агартуунун отличниги Ольга Дунганова жетектейт. Бул студиянын сүрөтчүлөрү бир катар шаардык, республикалык жана Орусияда, Кытайда, Индияда, Японияда өткөн эл аралык сынактардын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү болуп саналышат.