Эртеңден баштап кумшекердин баасы 85 сомго көтөрүлөт

Эртең, 2-апрелден баштап кумшекерге болгон баа 85 сомго жогорулайт. "Ар бир үйгө жетиштүү кумшекер" коомдук уюму берген маалыматка ылайык, баалардын жогорулашы Орусия, Казакстан жана Беларусь мамлекеттериндеги инфляцияга байланыштуу болууда. 

Азыркы тапта "Ар бир үйгө жетиштүү кумшекер" ишканасы чет өлкөдөн Кыргызстанга кумшекер импорттогон алдынкы компания болуп саналат. Баалардын жогорулашына Казакстанда март айындагы доллардын девальвацияга учураганы да себеп болгон. 

Буга чейин Кыргызстанда кумшекердин запасы түгөнүп, коңшу өлкө Казакстандан келип жаткандыгы белгилүү болгон. Учурда базарда кумшекердин баасы 52 сомго барабар. Эртең баа 85 сомго жогорулайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Ekaterenburg
2014-04-01 17:24:12
1-апрель
+1
dina
2014-04-01 17:24:31
1-апрельби? Элдин баары кумшекер алып алышпасын))) Кантип эле бир күндө ушунча сомго? Алдын ала айтылып...
+2
Ali.kg.HT
2014-04-01 17:36:01
Бул башталышы... Эртес таможный союзга кошулсун ыйлайсынар!
+1
Dadasdasd
2014-04-01 17:36:55
да 1- апрел.
+1
Boston_ohna
2014-04-01 17:57:18
Том союзга киргенде анданда кымбатчылык болот
+1
Dadasdasd
2014-04-01 18:04:23
Boston_ohna, Мен Ташкент көчөнүн ортосунда жашайм.
+1
Атасынын баласы
2014-04-01 18:08:40
ошо сахарды жебей эле койсонор ден соолукта болосунар. Зыянынан башка пайда жок. Андан корок кг алма алып жегиле
+1
admin_superstan
2014-04-01 18:35:14
Ali.kg.HT, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
ALI2012
2014-04-01 18:44:52
кум шекер 85 сом болсо олдуго анада.
+1
lusi2013
2014-04-01 22:17:26
Мм,60тыйын учун канча революция болду,эми шекер кымбаттаса не болот экен эми???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан