“29-март күнү эртең менен белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Бул кылмышка шектүү катары 3 адам кармалды. Алардын экөө өлүктү ыргытууга гана катыштыгы бар экенин айтышса, бири күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Айтымында, арак ичип отурушуп, анан интимдик катнашка барышкан. Бирок буга аял каршы болуп, милиция кызматкерлерине арыз жазарын билдирген. Бул учурда коркуп кетип аялды муунтуп, анан мууздап салган. Кийин кечинде эки досу жардамдашып, сөөктү төшөккө ороп сууга салып жиберишкен. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат”,- деди Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин жетекчисинин орун басары Айбек Жайлообаев журналисттер менен жолугушуу учурунда.
Ал эми кылмышка шектелип кармалган 20 жаштагы Азат аттуу жаран: “37 жаштагы коңшу жашаган аялды биринчи муунтуп, анан мууздап өлтүргөм”,- деди.
Эскертүү!
Сүрөттөрдү көрүүдө этият болуңуз.