Эбол вирусу жыл башынан тарта Африканын батышында 78 кишинин өмүрүн алды

Батыш Африка мамлекеттери учурда Эбол эпидемиясынан кооптонуп, өз ара чек араларын жаап жатышат. Гвинеяда бул вирусту жуктуруп алып өлгөндөрдүн саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Гвинеяда жыл башынан бери бул ооруга чалдыккан 122 жарандын 78и көз жумган. Вирус коңшу Либерия мамлекетинин аймагында да катталып, бардык региондорду каптоо коркунучу жаралууда. Кооптонуудан улам Сенегал мамлекеттик чек арасын жаап салды. Дарыгерлердин айтымында, бул ооруну көзөмөлгө алуу мүмкүн эмес.  

Эбол вирусу эң коркунучтуу оорулардын бири катары мүнөздөлүп келет жана андан жабыркагандардын 25-90 пайызы өмүрү менен коштошот. Оору аба жана кан аркылуу жугат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kara_kulzha
2014-04-01 15:52:12
Кудайым өзүң сактай көр
0
ibo
2014-04-01 17:16:57
бул ооруу тууралуу кенен маалымат берип койсонуздар
0
Juliakalt
2014-04-02 02:14:44
Африкада озу айыкыс оорулар коп! Кудай озун сактай кор!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан