Бүгүн, 1-апрелде футбол боюнча АФКнын Кубогунун 4-тур оюндарынын алкагында Ош шаардык борбордук стадиондо оштук "Алай" менен иорданиялык "Шабаб-Аль-Ордон" командаларынын беттеши башталды.
Беттешке жандуу күбө болуу үчүн келген күйөрмандардын катарын бийлик өкүлдөрү да толукташты. 5000ге чукул футбол ышкыбоздорунун арасында шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да орун алышты.