Депутат Максат Сабиров өкмөт мүчөлөрүн толугу менен алмаштырууну сунуштады

“Өкмөт башчыны гана алмаштырып, калгандарын кызмат ордунда калтырып койгон туура эмес”,- деп билдирди бүгүн, 1-апрелде SUPER.KG порталына депутат Максат Сабиров.

Бүгүн парламентте жаңы түзүлгөн “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” коалициясы өкмөт башчылыкка Жоомарт Оторбаевди сунуштаганын жарыя кылды. Бирок мен коалицияга кирген фракцияларга жаңы өкмөт курамын толугу менен алмаштырып, татыктуу адамдарды алып келиши керектигин айтар элем. Ошондой эле өкмөт мүчөлөрү жоопкерчиликти толугу менен мойнуна алуусу зарыл”,- дейт Максат Сабиров.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеӊештин «Республика» фракциясынын депутаттары бүгүн, 1-апрелде КР Премьер-министрине талапкер Жоомарт Оторбаев менен жолугушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан