«Жумушсуздук маселесинин кесепетинен мигрант болуп кеткен жаштар эле эмес, Сирияга да кетип жаткан жаштардын агымы Өзгөн жана Араван райондорунда байкалат»,- деп билдирди депутат Ыргал Кадыралиева ЖКнын Социалдык саясат комитетинин 1-апрелдеги жыйынында.
«Юридикалык жана экономикалык жогорку билими бар жаштарыбыздын көпчүлүгү кайра ширетүүчүлүк, ветеринардык адистиктер сыяктуу талап кылынып жаткан тармактарга ооп жатышы ЖОЖдордогу билим сапатынын жоктугунан. Беш жылдык убактысын алар билим үчүн эмес, диплом үчүн гана жумшагандай таасир калтырат»,- дейт Ыргал Кадыралиева.
Аталган маселе Жогорку Кеңештин башка жыйындарында дагы каралмай болду.