Борбор шаардын Октябрь районунда бир катар уурулук фактылары катталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, “саат 02:00 чамасында “Жаштык” кафесинен музыкалык аппаратура уурдады” деген шек менен баш калаанын тургундары Т.Талант жана С.Аскар кармалышты. Жалпысынан зыян 3 миң долларга бааланат.
Мындан тышкары "саат 19:00 чамасында Шабдан баатыр көчөсүндө жайгашкан “Ашкана” кафесинен бейтааныш жигиттер идиш-аяктарды жана азык-түлүктү уурдады” деп А.Гүлзат милицияга арыз жазган. Октябрь РИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө амалдарын жүргүзүп, кылмышка шектүү С.Аскарды кармашты. Учурда анын көмөкчүлөрү изделүүдө.