Маалыматка ылайык, аталган медициналык борбор 12 бөлмөдөн турары маалым жана анын курулушуна "АРИС" 100 миң доллар каражат бөлүп берген. Бул акча имараттын 95 пайызын бүткөрүүгө жетет. Сарпталуучу акчанын 5 пайызы Жалал-Абад шаардык мэриясынын бюджетинен бөлүнмөкчү.
Учурда эмкананын 1-кабатынын курулуш иштери аягына чыгууда. Эл эми пайдаланууга ушул жылдын июнь айында берилери күтүлүүдө.