Бүгүн, 1-апрелде интернетке күч органдары менен унаа жарышын уюштургандардын мушташы тууралуу видео тарады. Андан орган кызматкери менен бир жарандын урушуп жатканын жана топтошкон элди, МАИ кызматкерлерин көрүүгө болот.
Видео тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы буларга токтолду.
“Бул видео 30-марттан 31-мартка караган түнү Түштүк магистралынан тартылып алынган. Ал күнү түнкү милиция рейдге чыккан. Анын жүрүшүндө 3 унааны айып жайга токтотуу чечими чыгарылып, бирок ага айдоочулар каршылык көрсөтүшкөн. Бул учурда айдоочулар качып кетпеш үчүн орган кызматкерлери тарабынан ушундай чара колдонулган. Эч кандай уруш болгон эмес. Тартип бузуучулар ылдамдыктарын жогору кылып алышып, жарыш уюштурушкан”, - деди Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов.