Асия Сасыкбаева: "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жөлөк пулунун көтөрүлбөшү - уят"

Вице-спикер Асия Сасыкбаеванын айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жөлөк пулунун көтөрүлбөшү - уят нерсе. "Мен кечээ күнү мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөлөк пулду көтөрбөйбүз дегенди угуп калдым. Алар алган акчасына нан ала албай жатса, анан биз көтөрүп бербей койсок, анда уят",- дейт эл өкүлү.

Эске салсак, Социалдык өнүктүрүү министрлиги иштеп чыккан токтомдун долбоору өкмөт тарабынан колдоо таап, ушул жылдын 1-декабрынан тартып жашы 18ден өткөн тубаса майыптарга төлөнүүчү жөлөк пулдун өлчөмү миң сомго көтөрүлө турган болду. Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жөлөк пулдун өлчөмү 1-ноябрдан баштап 580 сомго чейин көтөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан