* 2-Апрель – Балдар китептеринин эл аралык күнү. Бул күн 1967-жылдан бери белгиленип келет. Балдар адабияты боюнча эл аралык кеңеш бул күндү балдар жазуучусу Ханс Христиан Андерсендин туулган күнүнүн урматына ыроологон.
* Мындан 24 жыл мурун актриса, бийчи Элина Абай кызы жарык дүйнөгө келген. Ал актрисалык карьерасын 9-классында Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын” тасмасына тартылуу менен баштаган. Андан сырткары “Уурунун махабаты”, “Гаишники”, “Сулуулар жана миллион”, “Күкүк-Шахра” жана башка тасмаларда роль жараткан. Ошондой эле “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча "2010-жылдын мыкты актрисасы" деп табылган.
* 1978-жылдын бул күнү америкалык CBS телеканалында “Даллас” сериалы көрсөтүлө баштаган. Ал жалпысынан 357 сериядан туруп, аны көрсөтүү 13 жылга созулган. Техастагы бай үй-бүлөнүн жашоо-турмушу жөнүндө баяндаган бул тасманын акыркы сериясы 1991-жылы 3-майда көрсөтүлгөн.