ИИМдин алдындагы Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Калыбек Сатыбалдиев жазаланат. Бул боюнча бүгүн Ички иштер министри Шамиль Атаханов билдирди. Анткени ал ыкчам жыйналыш учурунда жыйналыш видеого тартылып жатканда отурбай чыгып кеткен. Министр “Сатыбалдиев ооруканадан жумушка чыкканда жазаланат” деп билдирди.