Кыргызстан жана Тажикстандын мамлекеттик чек арасындагы бардык 5 көзөмөл-өткөрүүчү жайлар ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде SUPER.KG порталына КРнын Чек ара кызматынын катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.
Анын айтымында, учурда Ош облусундагы “Бор-Дөбө унаа жол”, "Кара-Мык унаа жол” жана Баткен облусундагы “Кызыл-Бел унаа жол” көзөмөл-өткөрүүчү жайлар толугу менен ачык. Ал эми Баткен облусундагы “Кайрагач унаа жол” жана “Кулунду унаа жол” чектөөсү менен ачылды. Ал жактан жөө жүрүүчүлөр гана өтө алышат.
Эскерте кетсек, көзөмөл-өткөрүүчү жайларды ачуу боюнча чечим Тажикстандын расмий кайрылуусунан улам кабыл алынган.