Эртең, 2-апрелде «акылдуу» эсептегичтерди орнотуу иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын бир катар аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ала-Тоо конушундагы Бир-Мырза, Көк-Кыя көчөлөрүндө, Ак-Өргөө конушундагы От-Араба, Үркөр, Жолон, Молдо Нияз көчөлөрүндө, Алтын-Ордо конушунун 1, 2, 3, 4-көчөлөрүндө, Кара-Жыгач конушундагы Кара-Жыгач, Кожояр көчөлөрүндө «акылдуу» эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт.
Ошондой эле саат 9:00дөн баштап 17:00гө чейин Исанов, Тоголок Молдо, Осипенко, 7-кичи райондогу №21/2, 23/3, 14, 15, 16-көп кабаттуу үйлөрдө, Жибек Жолу, Муса Жалил, Армавирская, Салиева, Весёлая көчөлөрүндөгү барчаларда, №72, 632, 80-трансформаторлордогу оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.