Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 1-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 31-марттан 1-апрелге караган түнү шаарда жол кырсыгы катталган. Анда Хонда Аккорд унаасынын айдоочусу Хонда Авансер унаасын сүзүп алган. Анын кесепетинен эки айдоочу жабыркап, ооруканага жеткирилген. Иликтөөнүн жүрүшүндө Хонда Аккорд унаасынын айдоочусу мас абалында экендиги аныкталган.