Кадамжай районунда күкүрт кислотасын мыйзамсыз сатып жатышкан 4 жаран кармалды. Алар Баткен жана Жалал-Абад облустарынын тургундары болушкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 1-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, аларды кармоо учурунда 200 литрлик көк түстөгү 5 челек алынган. Анда 2 тоннага жакын күкүрт кислотасы болгон.
Учурда “баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.