Баткен облусунан жерге катылган 37 килограммдан ашык апийим табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 1-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 31-март күнү Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылынан алыс эмес жерден көп өлчөмдөгү баңгизаты табылган. Ал ошол жердеги арыкка катылган. Анын жалпы салмагы 37 килограммдан жогору.
Учурда “баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.