2012-жылдын январынан ноябрь айына чейин Кыргызстандан чет жакка 10 990 адам чыккан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. Былтыркы жылга караганда сыртка чыккан жарандардын саны быйыл 3 эсеге кыскарган. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Кыргызстандын аймагынан чет жакка 41 596 жаран чыккан. Кыргызстандын чыккандардын эң көп бөлүгүн Чүйдүн жашоочулары (3923 жаран) түзсө, андан кийин Бишкек (2828) шаары жана Ош облусу (1055) турат.