Бишкек шаардык мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти Мурас-Ордо жаңы конушундагы мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан курулуш объектисин аныктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган конуштагы социалдык маданий объекттин курулушу үчүн бөлүнгөн жер тилкесинин ордуна мыйзамсыз үй курулуп жаткан. Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан эскертүү берилгенден кийин, 27-мартта объекттин ээси аны өз ыктыяры менен бузган.