Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 6,9 миллион сомдук 5 долбоор ишке ашырылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде аталган облустагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка таянсак, сарпталган акча каражатка Жети-Өгүз районунда 5 фермердик чарба ачылды. Белгилей кетсек, аталган аймакта курулуш материалдарын чыгаруучу цех, балык чарба, тоок чарба жана башка ишканалар иштеп баштады.
Балыкчы шаарында Облусту өнүктүрүү фондунан муниципалдык соода базарынын курулушуна 20,6 миллион сом сарпталды. Аталган базар Каркыра кичи районуна курулат.