Ысык-Көл облусунда 7-Апрель - Элдик революциянын 4 жылдыгына карата иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди.
Анын айтымында, 7-апрель күнү орун алчу иш-чара эки бөлүктөн турат. Алгач Каракол шаарындагы Пушкин атындагы сейил багында 2010-жылы 7-апрелде курман болгон баатырлардын элесине арналган мемориалдык стеланын ачылыш аземи болот. Саамалык облустук драма театрында салтанаттуу жыйын менен жыйынтыкталмакчы. Бул жыйынга облустагы саясий партиялардын, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, район, шаарлардан өкүлчүлүктөр жана Апрель окуясында курман болгондордун үй-бүлөлөрү, жаракат алгандар жана жалпы коомчулук катышат. Учурда кызуу даярдыктар көрүлүүдө.
"Облустук драма театрында өтө турган салтанаттуу жыйын көпчүлүктүн эсине Апрель революциясын эске салуу менен анын тарыхтагы ордун даңазалоо максатында Апрель окуясын чагылдырган кыска метраждуу көркөм тасма менен ачылат",- дейт Муканбетова.
Ошондой эле ал күнү облустагы 7-апрелде каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө куран окутулуп (каза болгондор облус боюнча - 11, жаракат алгандар - 40), аларга материалдык жардамдар көрсөтүлмөкчү.