Кечээ, 1-Апрель - Күлкү күнүнө карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда факультеттер аралык КВН болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде окуу жайдын маалымат катчысы билдирди.
«Жазгы күлкүлөр» деп аталган кечеде ар бир факультеттен түзүлүп чыккан командалар күйөрмандарга тамаша, күлкү тартуулашты.
Таймаштын аягында калыстар тобунун чечими менен математика жана компьютердик технологиялар факультетинен чыккан «Мега-бойс» командасы 3-орунду, гуманитардык факультетинен чыккан «Жентльмен» командасы 2-орунду, ал эми музыкалык-педагогикалык факультетинен чыккан «KG-Muzik» командасы 1-орунду ээледи. Жеңүүчүлөр дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.