Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Тайырбек Сарпашевдин ишин иликтеген депутаттык комиссия ишин аяктады. Муну парламенттин 2-апрелдеги жыйынында аталган комиссиянын мүчөсү Максат Сабиров билдирди. “Комиссия ишин бүттү, маселени жакын арада карашыбыз керек. Эртеңки күн тартибине кирсе жакшы болмок”,- деди Сабиров.
Эскерте кетсек, буга чейин Т.Сарпашевге таандык компаниянын “Кумтөргө” май ташуу иштери менен алектенип жатканы айтылып, аны иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн.